Таазим сага-мугалим
Мугалим- бул чырак түндү жарыктан,
Өз милдетин аткарууга ашыккан.
Нечендеген окуучуга талыкпай,
Билим берип бул дүйнөнү тааныткан.
5-октябрь күнү лицейде Мугалимдер күнүнө карата ПКСК 08/23 тайпасы майрамдык маанай тартулоо максатында чакан иш чара откорушту .
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы,билим берүү системасы экенин эске алып, ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы №36 Токтому аркылуу » Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү»- жыл сайын мугалимдердин профессионалдуу майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган. Бирок 2014-жылдын өкмөттүн токтомуна ылайык Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрь күнү белгиленет. Ал эми бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылдан тарта жылда 5-октябрьда өткөрүлөт.

