НООРУЗ
Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жыңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет.
Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Нооруз майрамында арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе.
Биздин лицейде да Нооруз майрамына карата иш- чаралар откорулду. Лицейдин жыйын залында чакан концерттик программа отту.
Окуучулар кыргыз элинин каада салтын, урп адатын чагылдырып беришти.
Жатакананын окуучулары жана лицейдин жамааты кыргыздын улуттук тамагы «Сүмѳлѳк» кайнатылып, майрам жогорку деңгээлде ѳткѳрүлдү.