Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна 32 жыл жана Ак калпак куну
И. Касендеев атындагы N91 кесиптик лицейинде 3- март КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ТУУНУН кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана 5-март АК КАЛПАК куну белгиленип, жаныланган туу илинди. И. Касендеев атындагы N91 кесиптик лицейинин директору Кулушова Алтынай Токтосуновна Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы менен куттуктап, эркиндиктин желеги болгон туубузду коргоо, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ыйык милдет экенин баса белгиледи. Белгилей кетсек мамлекеттик тууну расмий 2023-жылдын 26-декабрында өзгөрткөн. Желектин кызыл түсү эркиндикти, биримдикти, баатырдыкты, жеңишти билдирип, күндүн 40 нуру кыргыздын кырк уруусунун бир түндүктүн алдына биригишин чагылдырат.