Кыргыз республикасынын Президентинин "2023-2025-жылдар мезгилине Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш- аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жетекчиси А. У. Жапаровдо 2024-жылдын 11- мартында болуп өткөн кеңешмедеги тапшырманы аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартындагы √ 484/1 буйругу чыккан. Жогорудагы буйрукту аткаруу максатында И. Касендеев атындагы № 91кесиптик лицейинин жалпы кызматкерлери,
мугалимдер жамааты, окуучулары 2024-жылдын 6-апрелинде "Бир окуучудан бир көчөт" акциясы менен лицейдин айлана-чөйрөсүнө көчөттөрдү отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо, о.э. Д. Садырбаев көчөсүн ирээтке келтирүү менен республикалык деңгээлде өткөрүлгөн ишембиликке активдүү катышты.