8-март Айымдардын эл аралык майрамы
8- март айымдардын эл аралык майрамына карата лицейде тайпалардагы кыздар арасында спорттук мелдеш откорулду. Мелдеш кызыктуу оюндар менен коштолуп, женген тайпалар грамоталар менен сыйланышты.
Ушул жадыраган жаз майрамында баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бейпил турмуш жана бакыт-таалай каалайбыз! Кыргыздын чыгаан уул-кыздарын эрезеге жеткирип, аруулуктун, сулуулуктун символу болуп жүрө бериӊиздер!
Аялзаты - бул жашоонун булагы,
Аялзаты - үй-бүлөнүн дубалы.
Келбетине эч бир тоскоол боло албайт,
Элүү, алтымыш, сексен, токсон курагы.