1-июнь Эл аралык балдарды коргоо кунуно арналган иш-чара
2020-жылдын 1-июнь күнү лицейде Эл аралык балдарды коргоо кунуно арналган иш-чара ѳткѳрүлүп,ага "Биринчи жардам жаштарга" аттуу коомдук уюмдун ѳкүлдѳрү жана лицейдин реабилитациялык тайпасынын окуучулары катышышты. Аталган коомдук уюмдун кызматкерлери социалдык жактан колдоого муктаж болгон окуучуларга кеңири дасторкон жайышып, бир топ азык-түлүк пакеттерин тартуулашты жана балдарга акчалай жардам беришти.
Лицейдин администрациясы бир нече мезгилден бери тыгыз байланышта болуп жаткан бул коомдук фонддун жетекчилигине жана жалпы кызматкерлерине жалпы жамааттын атынан терең ыраазычылыгын билдирди.