Азыркы учурда И.Касендеев 91-кесиптик лицейинде дуалдык билим берүү системасы менен 4 тайпа (77 студент) билим алууда.
Дуалдык окутуу системасы квалификациялуу адистерди даярдоонун эң эффективдүү модели болуп саналат. Мындай окутуу системасы ага катышкан бардык тараптардын – лицейдин, окуучунун, ишканалардын кызыкчылыктарына жооп берет. Лицей менен Бишкек шаарындагы ишканалардын ортосунда 210 орунга дуалдык тайпалар практика өтүү боюнча келишимдер түзүлгөн.