Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын ага-устаттарынын кесиптик жѳндѳмдѳрүн жогорулатуу курсу откорулду
2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын ага-устаттарынын кесиптик жѳндѳмдѳрүн жогорулатуу курсу уюштурулган. Аталган курска Республиканын 5 облусунда жайгашкан Кесиптик лицейлердин ага-устаттары катышып, РИМБ планына ылайык 31.01.2023-01.02.2023 Бишкек шаарындагы И.Касендеев атындагы №91 Кесиптик лицейинин окуу– методикалык жана ѳндүрүштүк окуу тажрыйбалары менен таанышышты.