Кесипке багыт берүү иштери.
И. Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинин кызматкерлери окуучуларга кесипти туура тандоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун аймактарындагы орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары арасында кесиптик багыт берүү максатында атайын график түзүү менен лицейдин мугалимдер жамааты тарабынан түшүндүрүү, багыттоо иштери жүргүзүлүүдө. Окуучуларга И. Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейи “Ашпозчу-кондитер”, “Графикалык дизайнер” кесиби боюнча бюджеттик жана контрактык негизинде билим алуу, окуу формасы, лицейге тапшыруу шарттары түшүндүрүлүп, кесиптик билимге ээ деген мамлекеттик стандарттагы диплом, аттестат, андан тышкары, билим алган окуучулар практикага чыгуу тажрыйбасы аркылуу жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги баса белгиленүү менен, андагы окуучулардын күнүмдүк жашоосу, билим алуусунун жолдору, түзүлгөн шарттары боюнча маалыматтар берилүүдө. Лицейде калктын социалдык аялуу катмарларындагы үй-бүлөлөрдүн балдары билим алууга реабилитация борбору бар экендиги, Реабилитация тайпасына окуган окуучулар “Балдардын жана диетикалык тамактануунун негизин билген ашпозчу” кесибине ээ болоору айтылды. О.э. лицейде кыска мөөнөттүү курстарга окууга кабыл алынат.