Ачык эшиктер куну
18.04.2024-ж. И.Касендеев атындагы №91 Кесиптик лицейинде “Ачык эшиктер күнү” болду. Иш чарага Бишкек шаарынын мектептеринен 200 дөн ашуун 11-класстардын жана 9-класстардын бүтүрүүчүлөрү катышты. Ачык эшиктер күнү лицейдин окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен башталды.Андан кийин тамак аштар жарманкеси уюштурулду. Келген коноктор жарманкени көргөн соң лицейде студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты.